Уганданын батыш аймагында Марбург вирусун жуктурган 1,5 жаштагы бала каза болгонун Африкадагы Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (Africa CDC) жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, илдеттин катталган учуру Кьегегва районунда аныкталган. Бул өлкөдө Марбург вирусуна байланыштуу тастыкталган өзүнчө учур катары бааланууда.
Саламаттык сактоо кызматтары оорунун жайылышына жол бербөө үчүн эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүп, байланышта болгон адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.