Дүйнөнүн бокс боюнча абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд Ысык-Көлдө жүрөт. Анын видеосун Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов соцтармактагы баракчасына жарыялап, ал кыргыз берметин мактаганын жазды.
Видеодон Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевди да көрүүгө болот. Маматалаиев Холифилдди кечээ, 1-июлда кабыл алган.
Айта кетсек, Эвандер Холифилд 3-июлда Бишкекте өтө турган эл аралык профессионалдык бокс кечинин ардактуу коногу болот. Ал өлкөгө 30-июнда келген.