Бүгүн, 2-июлга караган түнү Чолпон-Ата шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, "Лукаморье" эс алуучу жайына сел суусу кирди. Бул тууралуу ӨКМдин облустагы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, окуя болгон жерге Чолпон-Ата шаарындагы №31 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу тартылган. Алар атайын техниканын жардамы менен суунун нугун буруп, жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүштү. Куткаруучулар эс алуучу жайдан жалпы 24 адамды коопсуз жерге эвакуациялап, алар жакын жайгашкан конок үйлөрүнө жайгаштырылды.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарынын коммуналдык-техникалык кызматынан 1 экскаватор нөөмөткө коюлду. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар катталган жок.