Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Англия, Белгия жана АКШ курамалары 1/8 финалына чыгышты

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалдык баскычынын 1-июлдан 2-июлга караган түндө бир катар оюндары өттү.

Жыйынтыктар:

  • Англия — Конго — 2:1;
  • Бельгия — Сенегал — 3:2;
  • АКШ — Босния жана Герцеговина — 2:0.

Эми 1/8 финалына чыккан Англия Мексика менен беттешип, Бельгия менен АКШ бири-бири менен күч сынашат. Бул беттештер 5–6-июль күндөрү өтөт жана жеңген командалар чейрек финалга жолдомо алышат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 19-июлга чейин уланат. Беттештер АКШ, Канада жана Мексиканын оюн талааларында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан