Венесуэлада 24-июнда болгон эки күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 2295 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.Анын айтымында, учурда жабыркагандардын саны 11 миңден ашты. Бийлик өкүлдөрү каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдиришти. Учурда өлкөдө издөө-куткаруу иштери уланууда.