Биз социалдык тармакта

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда аянты 4,8 гектар болгон эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул иштер 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Долбоорго ылайык, эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат. Мындан тышкары, коомдук даараткана салынып, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт.
Реконструкция иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө жарыктандыруу системи орнотулуп, дарактар отургузулду. Учурда асфальт жана брусчатка төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан