Биз социалдык тармакта

Кара-Кулжада сел жүрүп, турак үйдү ылай басып калды (видео)

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Терек айылында жүргөн селдин кесепетинен турак үйлөрдүн бири жабыркады. Бул тууралуу үйдүн ээси билдирип, видео бөлүштү.

Алдын ала маалыматка ылайык, сел үйдүн артындагы терезелерди талкалап кирип, үйдүн ичи толугу менен сууга толгон. Эшик ачылбай калгандыктан, суу үйдүн ичинде топтолуп, эмеректер менен үй буюмдары жараксыз абалга келген. Селдин деңгээли төмөндөгөндөн кийин суу сынган терезелер аркылуу кайра сыртка агып чыккан.

Окуя болгон учурда үйдүн кожоюну жайлоодо болуп, үйдө эч ким болгон эмес. Айыл тургундары чогулуп келип, эшикти ачып, үйдүн ичиндеги сууну сыртка чыгарышкан. Ошондой эле үйдүн алдындагы сарай да жараксыз абалга келген.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү селден жабыркаган үйлөрдү тактап, келтирилген чыгымды эсептөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Кара-Кулжада сел жүрүп, турак үйдү баткак басып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан