Кечээ, 1-июлда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарында жаңы алынган техникаларды көрүп чыкты. Анда протоколдон тышкаркы кызыктуу учур катталган.
Тактап айтканда, техникалар менен таанышуу маалында мамлекет башчысы кокустан өзүнүн классташына жолугуп калган. Видеодон алардын жылуу учурашканын көрүүгө болот.
Журналисттин суроолоруна жооп берген тургун автобус айдоочусу болуп иштей турганын айтып, президент анын классташы экенин билдирген.
Видео: Айжигит Матраимов