Бүгүн, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин" иши боюнча соттук отурум болууда.
Учурда айыпталуучулар тыныгууга байланыштуу райондук соттун аймагынан чыгып кетишти. Соттук жараян саат 14:00дө уланат.
Эркиндиктеги айыпталуучулар сот имаратына унаалары менен кирип-чыгышууда.
Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча 8 адам айыпталууда. Сот отуруму 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.