Биз социалдык тармакта

Индияда июнь айы акыркы 100 жылдагы эң кургак айлардын бири болду

Индияда 2026-жылдын июнь айында жаан-чачындын көлөмү кескин азайып, акыркы 100 жылдагы эң кургак айлардын бири катары катталды.

Өлкөнүн Метеорология департаментинин маалыматына ылайык, июнь айында болгону 99,5 миллиметр жаан жааган. Бул көрсөткүч көп жылдык орточо нормадан кыйла төмөн. Мындай көрсөткүч акыркы 100 жылдагы үчүнчү эң төмөнкү, ал эми 1901-жылдан берки байкоолор боюнча бешинчи эң кургак июнь айы болуп калды.

Метеорологдор муну атмосфералык процесстердин алсыздыгы жана Эль-Ниньо кубулушунун таасири менен байланыштырууда. Алардын божомолунда, быйыл муссон мезгилиндеги жаан-чачындын көлөмү да орточо көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн.

Ошондой эле, Индияда кургакчылыктан кийин катуу нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн экенин эскертишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан