Эмгек министрлиги билдиргендей, ушул жылдын апрель айынан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысы орточо 100 пайызга жогорулатылды.
Буга чейин дарыгер-эксперттер орточо 14 миң сом, ал эми комиссия төрагалары орточо 25 миң сом айлык алышчу.
Бүгүнкү күндө аймактык комиссиялардын дарыгер-эксперттеринин эмгек акысы эмгек стажына жана кошумча төлөмдөрүнө жараша 50-60 миң сомду түзөт. Бийик тоолуу аймактарда бул көрсөткүч 80-90 миң сомго чейин жетет.