
Кыргызстанда майыптык статусун аныктоо процесси толугу менен санарип форматка өткөрүлдү.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, эми медициналык мекемелер МСЭКке (Медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы) бардык документтерди электрондук түрдө гана жөнөтүшөт. Ал эми майыптыкты аныктоо тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө мамлекеттик "Түндүк" системасына интеграцияланат.
Мындан тышкары, мурда колдонулуп келген 6 түрдөгү маалымкат оптималдаштырылып, 2 бирдиктүү санарип маалымкатка бириктирилди.