Синоптиктер билдиргендей, эртең, 3-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт.
Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн +17... +19, күндүз +28... +30 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15... +20, күндүз +27... +32;
- Талас жергесинде түнкүсүн +11... +16, күндүз +24... +29;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16... +21, күндүз +28... +33;
- Нарын аймагында түнкүсүн +10... +15, күндүз +17... +22;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11... +16, күндүз +19... +24.