Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Япония өкмөтү тарабынан медициналык жабдуулар берилди. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалым болгондой, жалпы баасы 10 миллион сомдук эки негизги медициналык жабдуу тапшырылды:
- Трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка;
- Проктологиялык ооруларды дарылоо үчүн ультра үндүү диссектор.
"Бул заманбап аппараттардын жардамы менен бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапаты бир топ жогорулап, дарылоо мөөнөтү эки эсеге чейин кыскарат деп күтүлүүдө",- деп белгиленген маалыматта.
Иш-чарага облус жетексисинин орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюти катышты.