Өткөн жылы бул унаа жолдун 123төн 220-чакырымына чейинки чөлкөмүндөгү жумуштар бүткөн. Ал жерде жол – курулуш жумуштары 2010-жылы башталган. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жолдун жогорудагы чөлкөмдү кайра оңдоону каржылаган. Үстүбүздөгү жылы бул унаа жолунун дагы эки чөлкөмүндө курулуш жумуштары башталган (10дон 28-чакырымга чейин (Ноокат ашуусу) жана 108ден 123-чакырымга чейин (Кара-Талаа-Пүлгөн). Ноокат ашуусунан өтүүчү жолду оңдоого Бүткүл дүйнөлүк банк 16 миллион доллар бөлүп берди. Анын ичинен 7,2 миллион доллар грант катары саналат. Көк-Талаа-Пүлгөн жолун оңдоо Европа комиссиясы бөлгөн 8,6 миллион евро өлчөмүндөгү каражатка ишке ашырылат. Бирок толук бүтүрүү үчүн көрсөтүлгөн каражат жетишсиз. Ошондуктан КРнын Өкмөтү асфальт-бетон жабуусун төшөө менен жол кийимин жайлаштырууга 5 миллион евро менен каржылап берүүгө милдеттенме алды. Жогорудагы иштер “Ош-Баткен- Исфана улуттук жол тармагын реабилитациялоо” долбоорунун биринчи фазасынын алкагында өткөрүлүп жатат. Алардан башка буларга тажик айылдарын Чорку жана Сурх айланып өткөн жолдун чөлкөмү да кирет. Ал жердеги жумуштар 2009-жылы бүтүрүлгөн.
Көрсөтүлгөн долбоордун биринчи фазасын ишке ашырууга Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 153 чакырымын ичине алган. Жалпысынан 95,4 миллион доллар тартылган.