Сириянын борбору Дамаск шаарындагы Ан-Наср көчөсүндө жайгашкан кафеде болгон жарылуудан алдын ала маалымат боюнча төрт адам каза болуп, 11 киши жаракат алды.
SANA мамлекеттик маалымат агенттиги Сириянын "Тез жардам" кызматынын башкармалыгынын директору Ахмад аль-Баккурга таянып билдиргендей, окуя болгон жерден жалпы 15 жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Анын айтымында, 14 адам «Аль-Мужтахид» ооруканасына жеткирилип, алардын төртөө каза болгон, ону жаракат алган. Дагы бир жабырлануучу Сириянын Кызыл Жарым Ай коомунун ооруканасына жеткирилген.