Биз социалдык тармакта

Бишкекте жол кырсыгынан үч адам жабыркады

Бүгүн, 2-июлда болжол менен саат 19:15те 2006-жылы туулган И.А. аттуу айдоочу Changan үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жатып, Kia Sportage үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Экинчи унааны 1990-жылы туулган Ш.И. башкарып бара жаткан.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кагылышуудан кийин Changan автоунаасы инерция менен жүрүшүн улантып, жөө адамдар өтүүчү тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен жалпы үч адам жабыркап, аларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн аймактык ооруканага жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан