Биз социалдык тармакта

Бекболот Талгарбеков: “Президентти колдогон позициябыз өзгөргөн жок”

Соттон кийин Эмилбек Узакбаев журналисттерге комментарий берген жок.

Ал эми Бекболот Талгарбеков соттук процесске байланыштуу кылмыш ишинин мазмуну боюнча сүйлөй албасын билдирди.

Анын айтымында, соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда иштин мазмуну тууралуу комментарий бербөө жөнүндө документке кол койгон.

Тилекке каршы, азыр эч нерсе айта албайм. Бир гана нерсени айта алам – кол койгон 75 адамдын баары президентибиз Садыр Жапаровду колдогон адамдар болчубуз. Ошол позициябызда калдык”, - деди Талгарбеков.

Белгилесек "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановд күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.

Сот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан