Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА: Ырчы Курал Чокоев 39 жашка чыкты

Бүгүн, 3-июлда туулган күнүн белгилеп жаткан белгилүү инсандардын катарында эстрада ырчысы Курал Чокоев да бар. Ал бүгүн 39 жашка толду.

Ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасына жакындары аны өздүк майрамы менен куттуктаган видеону жарыялап, ыраазычылык билдирди.


Курал Чокоев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1987-жылы туулган. Ырчы мырзы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториянын оркестр факультетине тапшырган.

Репертуарындагы эл оозуна алынган ырлары: "Жалгызымсың", "Ты прости", "Оп майда", "Билип жүр", "Өмүр зымырайт", "Сейдакматтын ыры", "Кокон гилас" жана башкалар.

Кошумчалай кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча Курал Чокоевдин аткаруусундагы "Билип жүр" аттуу ырынын клиби "2012-жылдын супер клиби" наамын алган.
Учурда ырчы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эмгектенет.
3-июлга карата жылнаама.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан