Бүгүн, 3-июль саат 8:00 чамасында Бишкек —Торугарт — Нарын унаа жолунун 167-чакырымына таштар түштү. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, учурда жерине тазалоо ишин жүргүзүүгө Жол тейлөө мекемесинен 10 кызматкер, 1 фронталдык жүктөгүч, 1 манипулятор тартылган.
"Унаалар кезеги менен өтүүдө. Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди башкармалыктан.