Бишкектеги батыш автобекетинин жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктө Honda Fit үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бараткан аялды сүзүп кетти. Кырсыктын видеосу интернет желесине тарап жатат.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиргендей, жабырлануучу оор жаракат алып, жамбаш сөөгү сынган абалда ооруканага жеткирилди. Учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Ал эми унаа айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.