Ысык-Көлдүн Түп районунда мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Балбай айыл аймагында 5 гектар жайыт жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен 2010-жылы жеке менчикке өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Түп айылындагы айыл чарба багытындагы 0,10 гектар жер тилкеси май куюучу жай куруу максатында 1997-жылы мыйзамсыз жеке жакка берилген.
Натыйжада жалпы баасы 11 миллион 559 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекеттик менчикке алынды.