Биз социалдык тармакта

Мөңгү, өндүрүлгөн акча... Башкы прокуратура маалымат таратты

Башкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштер күчөтүлгөнүн маалымдады.
Көзөмөл органы билдиргендей, жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 миллион сомдон ашык акча каражаты өндүрүлгөн.
Мындан тышкары мыйзамсыз трансформацияланган 200 гектар жер аянты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына кайтарылган. Ошондой эле 400 гектардан ашык мөңгүнүн сакталышы камсыздалып, мөңгүлөр жайгашкан жер тилкелерин жер казынасын пайдалануу максатында мыйзамсыз берүүгө бөгөт коюлган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан