Чүйдүн Новопокровка айылында акциздик маркасы жок күйүүчү-майлоочу материалдар жана алкоголдук продукция аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Кампадан акциздик маркасы жок 436 даана алкоголдук продукция, ошондой эле жалпы көлөмү 13 миң 306 литр болгон мотордук майлоочу майлар табылган. Аныкталган продукциянын жалпы баасы 4 миллион 617 миң 518 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, зарыл болгон материалдар чогултулган. Учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.