
Ош шаарындагы базарда орун алган жаңжалдын катышуучулары милицияга жеткирилишти. Бул тууралуу Ош калаасынын ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 4-июлда болгон. Чырдын келип чыгышын акынтоо үчүн тиешелүү териштирүү иштери башталган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Социалдык тармактарга тараган маалыматтар боюнча, базарда соода кылгандар кулпунай сатуу үчүн келген жаранга кол салышкан.