Биз социалдык тармакта

Пакистандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 6–9-июль күндөрү Пакистандын мамлекет башчысы Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

"Ынтымак ордодон" билдиргендей, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.

Пакистан президентинин расмий сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя экени маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан