Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына документтерди кабыл алуу башталганын жарыялады.
Маалым болгондой, сыйлык 11 номинация боюнча ыйгарылат, анын ичинде адабият, журналистика, музыка, искусство, архитектура, кино, илим, бизнес, спорт жана жаштар саясаты багыттары бар.
Катышуучулардын жаш курагы 35 жаштан ашпоого тийиш. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө Айтматовдун элеси түшүрүлгөн төш белги жана 200 миң сом акчалай сыйлык берилет.
Документтер 10-августка чейин Бишкек шаарында кабыл алынат. Сурап билүү телефондору: 0550 990 886