Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.
Ал Екатеринбург шаарында "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташуусунун күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өзгөчө соода-экономикалык, ошондой эле отун-энергетика комплекси, транспорт, курулуш, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташууга көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Мишустинди ушул жылдын август айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Алдыда боло турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз-Орусия экономикалык форуму, ошондой эле Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясы өткөрүлөт.
Өз кезегинде Мишустин эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.