Биз социалдык тармакта

Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук тартипти бузган 360тан ашуун жаран милицияга жеткирилди (видео)

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук тартипти камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддер өтүп, ага 200дөн ашуун милиция кызматкери тартылды.

Шаардык милиция билдиргендей, иш-чаралардын жыйынтыгында 360тан ашуун жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 46дан ашуун адам атайын кабыл алуу жайына, ал эми ар кандай кылмыштарга шектелген 18ден ашуун адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кызматкерлери жалпысынан 2850 укук бузуу боюнча протокол түзүштү. Ошондой эле мас абалында унаа башкарган 60тан ашуун айдоочу аныкталып, 560 унаа айып короого токтотулду. Анын ичинен 100дөн ашууну мотоцикл болду.

Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук тартипти бузган 360тан ашуун жаран милицияга жеткирилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан