Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө тоодо бутун кокустатып алган аялды куткаруучулар алып түшүштү (видео)

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайынын жогорку бөлүгүндөгү мөңгүдө бутунан жаракат алган Орусиянын жараны куткарылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 1993-жылы туулган аял 4100 метр бийиктиктеги мөңгүдөн өз алдынча түшө албай жардам сураган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү. Андан соң жабырлануучу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилди.

Куткаруу иштерине Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн үч куткаруучусу катышкандыгы маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан