Москвада "Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүрдү" деген шек менен 3 өспүрүм кармалды

Москвада "Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүрдү" деген шек менен 3 өспүрүм кармалды. Маалыматка ылайык, 25-январдан 26-январга караган түнү Москванын Введен көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. 
Анын 1987-жылы 30-январда туулган Кыргызстандын жараны экенин аныкталган. Бул тууралуу 29-январда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 01:00дөр чамасында маркум унаасын токтотуп, үйүнө багыт алган учурда кылмышкерлер өлтүрүп кетишкен. Аталган факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп 3 адам кармалды. 

Алдын ала божомолдорго караганда алардын үчөө тең өспүрүмдөр. КРнын элчилиги иликтөө иштеринин уланышын көзөмөлдөөгө алган жана “жүк-200дү” мекенине жөнөтүүгө көмөктөшкөн. Маркум А.А.нын сөөгү 28-январда Кыргызстанга жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
infiniti
2014-01-29 21:31:38
Бейиши болсун.
+3
mirbakg
2014-01-29 22:17:31
Орустар лысыйлар деп Чыгып жатса бизда Кыргызстанда калпакчандар деп бир уюм ачат окшойбуз !!
+16
Muz
2014-01-30 00:25:49
mirbakg, Созунузго кошулам 100%
+1
Shekerbek
2014-01-30 15:11:22
mirbakg, мен да "ЗА" !!!
+1
Mirlan5
2014-01-29 22:55:33
Жаткан жери жайлуу болсун. Эми эмне дейбиз буларга АЛЛАХ жазаларын берсин.
+7
Elizza
2014-01-29 23:43:04
Бейишин берсин кудайым.
+3
algajawoo
2014-01-30 00:21:28
Этият болгула мекендештер особенно ошол оспурум балдар коп тийшип жатат один за всех всех за одного деген ураан менен менда туштум аларга кундо угам ушундай окуяларды этият болуп жургуло маркумду жайы жайлуу болсун
+5
Muz
2014-01-30 00:27:54
algajawoo, оштук озбектерда олтуруп жатат кыргыздарды ал жагын да ойлогула жердеш десен душман болуп чыгып жатат
+4
kyrgyz.93
2014-01-30 01:12:48
эх заман эмне болуп бара жатат
+1
92nuraaly
2014-01-30 01:17:42
Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Kalempir26
2014-01-30 02:07:49
Бейишин берсин кудай бугун туулган куну экен эле да айкуштун Москвада болбой калды .
+1
Aikokul85
2014-01-30 02:40:37
Эх окунучтуу кыргызымдын жигитерии.Барган жерлери жаннатан болсун.
+1
aiba91kg
2014-01-30 03:05:34
Булар дайым жалгыз адамга тийишишет 2ден 3тон журсон тийише алышбайт..
+1
Kunnur
2014-01-30 03:17:04
Жайы жаннатта болсун эмне дешти да билбейм.москвада туну журуштун кереги жок болуп калды.
+1
Ermek_sher
2014-01-30 04:56:28
Кудай сактасынчыы!!! Мекенибизге ата-эне балдарыбыздын алдына аман соо жетууну насип кылгын ээ аллах!!! Жаткан жери жайлуу болсун! :*(
+1
muha.kg.kg
2014-01-30 08:56:09
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
Sagidko88
2014-01-30 12:29:29
Алла сактасын Мекендештерибизди!
+1
KG_URPAGI
2014-01-30 20:36:48
Кыргыз элим кайсы жерде болбосун бири-биринерге жолок болгула! Бизде бир эле мекен бар, ынтымакта болуп жургуло! кечинде сыртка чыкпай эле койгулачы, ал жакка силер ойногону же эс алганы кафелерге барган жоксунар! Убактылуу болсо да Кыргызстандагы уй-булонорду багууга жардам берууго бара жатасынар! Эч качан болунууго жол бербегиле! Биримдиктуу болгула жана озунордун жогорку адамгерчиликтуу, билимдуу жана акылдуу сапатынарды коргозуп, адам деген улуу атты бекем туткула!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан