Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында сел жүргөнү тартылган видео тарады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүрүп, айрым көчөлөрдү суу каптаган. Бирок азырынча бул окуя боюнча расмий органдар толук маалымат тарата элек.
ӨКМ же жергиликтүү бийлик тарабынан расмий маалымат жарыяланган учурда кошумча маалымат берилет.