Чүйдө уюшкан топко тиешеси бар болгон 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы жаран Токмок шаарынын тургунун 2018-жылдан бери коркутуп келген жана анын 3 миллион сомун тартып алган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ал 2 айга тергөө абагына киргизилген. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон.
41 жаштагы жаран Жайыл районунун тургунунан былтыр карызга 1 миллион 500 миң сом жана 6 миң 300 доллар алып, бүгүнкү күнгө чейин бербей жүргөн. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Ошондой эле 51 жаштагы жаран Жайыл районунун тургунунан 2024-жылы 1 бээ, 1 тай алса, 2025-жылы 1 айгыр алган. Бирок акчасын бербей келген. Жабырлануучу жалпы 320 миң сом зыян тарткан. Ал мындан тышкары Кара-Балта шаарынын тургунунан 2023-жылы ишин бүтүрүп берүү убадасы менен 350 миң сом алса, 2025-жылы андан 100 миң сомго сатып берем деп тайын алып кетип, акчасын бербей койгон.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада мурда бир нече жолу соттолгон шектүү камакка алынган.