УКМК Түп токой чарбасындагы коррупциялык фактыларды аныктаганын билдирди.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, мекеменин мурдагы директору Р.Б. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик токой фондусунун жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө өзүнүн жакын туугандарына бөлүп берген. Ошондой эле ал токой продукцияларын төмөндөтүлгөн баада сатып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген деп шектелүүдө.
7-июлда Р.Б.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып тагылды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.