Биз социалдык тармакта

УКМК Жалал-Абадда диний конфессиялардын өкүлдөрүн чогултту (видео)

Жалал-Абад облусунда диний кырдаалды жакшыртуу, конфессиялар жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө максатында бардык диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эскертүү-профилактикалык семинары уюштурулду.

УКМКнын маалымат борбору билдиргендей, иш-чара Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Жалал-Абад облусунун казыяты тарабынан өткөрүлдү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле православ, рим-католик, баптист жана башка диний уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары түшүндүрүлүп, өлкөнүн светтик өнүгүү принцибин сактоо, мыйзамды урматтоо, укуктук жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле диний негиздеги чыр-чатактардын жана кастыкты козутуунун алдын алуу маселелери талкууланды",- деп белгиленди маалыматта.

УКМК Жалал-Абадда диний конфессиялардын өкүлдөрүн чогултту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан