Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы мындан ары мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт. Мындай чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.
Маалым болгондой, АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май өкмөт тарабынан баасы көзөмөлдөнүп келген товарлардын тизмесинен чыгарылды.
Белгилей кетсек, күйүүчү майдын айрым түрлөрүнө мамлекеттик жөнгө салуу 25-майда киргизилген. Эми АИ-95 бензининин баасы базар баасынын шарттарына жараша калыптанат.