Кыргызстанда регенерациялануучу кагазды жана картонду өлкөдөн сыртка чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Тиешелүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Чектөө ЕАЭБдин классификацияланган товарларына тиешелүү болгондуктан, транзиттик ташууларга жана мамлекет тарабынан берилүүчү гуманитардык жардамга колдонулбайт.
Мамлекеттик органдарга тыюунун аткарылышын камсыздоо жана мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу тапшырылды. Ошондой эле буга чейинки ушул багыттагы токтом күчүн жоготту деп табылды.
Жаңы чечим расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.