Биз социалдык тармакта

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалышты

Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси жана башкы инспектору пара талап кылууга шектелип кармалды.

УКМКдан маалымдашкандай, алар суу коргоо тилкесине жакын туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашып берүү үчүн 1 миллион сом талап кылышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр пара алып жаткан жеринен кармалышкан.

Учурда башкармалыктын жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан