Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаасын каршы тилкеге чыгып айдаган 10 айдоочуга 150 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Башкармалык эреже бузулган учурлар тартылган видеону да жарыялады. Байкоо жүргүзүү бийиктиктен тартылып, эреже бузгандарды жол тескөөчүлөр жолдон тосуп алышкан.