Биз социалдык тармакта

Орунтаев МИКтен үй алып, унаа токтотуучу жай талап кылгандарга кеңеш берди (видео)

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет" иш-чарасында журналисттерге мамлекеттик ипотекалык үйлөрдөгү унаа токтотуучу жайлар боюнча билдирип жатып, жарандарга кеңешин берди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги максаты - калктын социалдык жактан аялуу катмарына жеткиликтүү турак жай берүү. Бул долбоорлордо батирлер узак мөөнөттүү, 25 жылга чейинки жеңилдетилген төлөм шарттары менен сунушталат.

"Баарыбыздын эле унаа айдагыбыз келет. Бирок биринчи кезекте алган насыяны төлөп бүтүрүп, андан кийин унаа алуу тууралуу ойлонуу керек",- деди Орунтаев.

Орунтаев МИКтен үй алып, унаа токтотуучу жай талап кылгандарга кеңеш берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан