Бишкекте Щербаков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" унаасы жеңил унаа менен сүзүшүп, анын кесепетинен медициналык унаа оодарылып кетти.
Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, кырсыктан "Тез жардам" унаасынын айдоочусу менен дарыгер жабыркап, башынан жаракат алышкан. Учурда экөө тең ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Окуянын жагдайлары такталууда.