Биз социалдык тармакта

Аламүдүн районунда куралды сактоо эрежелерин бузгандарга айып пул салынды

Аламүдүн районунда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү ок атуучу куралдарды аныктоого багытталган "Арсенал" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Чүй облустук милициясы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө 267 жаран текшерилип, куралдарды сактоо жана алып жүрүү эрежелеринин сакталышы көзөмөлдөндү. Натыйжада 4 ок атуучу курал алынып, дагы 1 мыйзамсыз сакталган курал жаран тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылды.

Ошондой эле курал сактоо эрежелерин бузуу боюнча 3 административдик протокол түзүлүп, 9 миң сом айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан