Кечээ, 9-июлда Бишкек шаарында KIA Morning унаасынын 25 жаштагы айдоочусу 6 жаштагы баланы сүзүп кетти.
Шаар милициясынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы Манас жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган бала тез арада ооруканага жеткирилген.
Учурда унаа айып короого киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.