Адам өлтүрүүгө байланыштуу өзгөчө оор кылмышка шектелип, 12 жылдан бери укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн жаран Стамбулдан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтери биргелешип алып барган иштин натыйжасында, 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга алынып келди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы февраль айында Бишкек-Ош унаа жолунда чыккан жаңжал учурунда такси айдоочусу М.У. каза болгон. Окуядан кийин шектүү өлкөдөн чыгып кетип, ага Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.