Биз социалдык тармакта

Оштогу кулпунай чыры: Дыйканга кол көтөргөндөр үй камагына чыгышты

Ош шаарындагы базарда кулпунай саткан дыйкан менен байланыштуу болгон жаңжал боюнча кармалган жарандар үй камагына чыгарылышты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөргө карата бөгөт чарасы өзгөртүлүп, алар 6-сентябрга чейин үй камагында болушат.

Эскерте кетсек, аталган окуя резонас жаратып, милиция бир нече жаранды кармаган. Алардын төртөөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ал эми дыйканды шаар бийлиги жеке кабыл алып, ага жаңы базардан орун бөлдүртүп берди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан