Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын шымынын оң чөнтөгүнөн эки таңгак табылган. Ошондой эле батиринен да таңгакталган баңгизаттар алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.