Биз социалдык тармакта

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү баңгизат таратууга шектелип кармалды (видео)

Бишкек шаарында ооган тектүү баңгизаттарды таратуу менен алектенген 35 жана 32 жаштагы жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Ички иштер министрлиги маалымдагандай, алардын жашаган жерин тинтүү учурунда "героин" баңгизаты жана ME 8 Police үлгүсүндөгү ок атуучу тапанча табылган. Кармалгандардын бири Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү баңгизат таратууга шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан