Аргентинанын Парана шаарында үч жаштагы кызын тепкен деп шектелген эркек киши полиция тарабынан кармалды.
Окуя көчөдөгү байкоо камерасына түшүп калган. Видеодо атасы 3 жаштагы кызы жана 5 жаштагы уулу менен бара жатып, кызын тепкени көрүнөт. Кадрлар социалдык тармактарга тарагандан кийин балдардын апасы бул тууралуу билип, полицияга кайрылган.
Шектүү сурак учурунда кызы ыйлап, сөз укпай жаткандыктан тепкенин айткан. Полиция көрсөтмөсүн алгандан кийин аны үйүнө коё берген.
Учурда бул ишти балдарды коргоо боюнча тиешелүү кызматтар көзөмөлгө алган.