Испаниянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына жолдомо алды.
1/4 финалда испаниялыктар Бельгияны 2:1 эсебинде жеңишти. Алгач Фабиан Руис эсепти ачса, бельгиялыктар Шарль де Кетеларенин голу менен жооп кайтарышты.
Беттештин тагдырын оюнга 86-мүнөттө чыккан Микель Мерино чечти. Ал 88-мүнөттө жеңиш голун киргизип, Испанияны жарым финалга алып чыкты.
Эми Испания финалга чыгуу үчүн Франция менен беттешет.
Белгилей кетсек, Мерино чейрек финалда да Португалияга каршы беттеште оюнга алмашууга чыгып, жеңиш алып келген голду киргизген.