Бишкекте жүк ташуучу унаа маршрутканы аркасынан келип сүзүп, анын кесепетинен жол жээгиндеги эки жөө жүргүнчү кырсыкка учурады. Окуя болгон жерден тартылган видео интернет желесине тарады.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, кырсык кечээ кечинде Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде болду. Жол кырсыгынан бир адам окуя болгон жерде каза болуп, дагы бири ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.